КАПА I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир себепке байланыштуу көңүлү ачылбоо, убайым тартуу, кейүү сезими, кайгы. Каймана сөздү айтпаңар, Капа болуп кайтпаңар (Калмырза). Каныбек жөнүндө эч капа болбоңуз, бир күнү келип калат (Жантөшев). Жамийла Даниярдын таарынчысын жазып, капасын ачмак (Айтматов).